文明系列手游新作《战争与文明》本月正式开启首测
Биофизика - биологиялык физика организмде ?т??ч? физика жана физика-химиялык процесстерди, организмдердин ультра-т?з?л?ш?н изилд??ч? илим. Биофизиканын ?н?г?ш? биологиянын ыкмалары, физика, математика жана химия менен тыгыз байланышта. Биологиянын ?н?г?ш? менен биологиялык ж?н?к?й кубулуштарды т?ш?н?? ?ч?н так илимдердин ыкмалары керек экендиги билинген. Азыркы биофизиканын Эл аралык теория жана колдонмо биофизика уюму тарабынан кабыл алынган (1961) негизги тармактары: мол. Биофизика организмди т?зг?н макромолекулалардын же алардын комплекстеринин физика жана физика-химиялык касиеттерин, аларда ?т??ч? процесстердин ?з ара таасирлерин, клеткалык биофизика клетканын функциясынын физика-химиялык негизин, мембраналар менен клеткалык органеллалардын т?з?л?ш? менен функцияларынын байланыштарын, клеткада ?т??ч? процесстердин энергетика менен термодинамикасын, механика жана электрдик касиетин изилдейт. Башкаруу жана ж?нг? салуу процесстеринин биофизикасы организмдеги башкаруу системалардын ички байланыштарын изилдейт жана моделдейт, алардын физикалык негизин аныктайт. Булардан тышкары биофизика физикалык факторлордун, иондоштуруучу нурлануунун организмге тийгизген таасирин изилдеп, сез?? органдарынын ишин жана башкаларды физика анализдейт.
Колдонулган адабияттар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 2025-08-055 -4