小李子为什么叫小李子


Нидерланд Антил аралдары — Нидерланддын ?з?н-?з? башкаруучу административдик бирдиги. Борбордук Америкадагы аралдар тобу, Вест-Индияда.
Кариб де?изинде жайгашып, 6 аралды камтыйт. Ылымта аралдар тобундагы аралдар — Кюрасао, Бонайре, Клейн (же Кичи) Бонайре (элсиз), Айдарым аралдар тобундагы аралдар — Синт-Эстатиус, Саба жана Сен-Мартен. Аянты 800 км2ден ашык. Калкы 183,5 ми? (2004); 90%тен ашыгы шаарда жашайт.
Калктын 80 %дан ашыгын антил креолдору (негр жана мулат), жергиликт?? креол (папьяменто) тилинде с?йл?г?нд?р т?з?т, вест-индиялык креолдор (5%), суринамдыктар (3%), голланддар (0,55%), француздар (1%), АКШлык америкалыктар (1%) жашайт. Католик (73%), протестант (13%), мусулман жана башка диндерди тутат.
Административдик-аймактык жактан 5 аралга б?л?н?т. Административдик борбору — Виллемстад шаары. Расмий тили — нидерланд тили. Ошондой эле папьяменто, англис тилдери да колдонулат.
Акча бирдиги — антил гульдени.
География
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Аралдары жанар тоодон жана кораллдардан пайда болгон. Жээк тилкелери ?т? тилмеленип, ы?гайлуу гавандары бар. Климаты де?издик тропиктик, т?нд?кт?г? аралдары нымдуураак. Айлык орточо температурасы т?шт?г?нд? 27°С, т?нд?г?нд? 30°С. Жылдык жаан-чачыны 500-600 ммден 1000-1200 ммге чейин. Т?нд?к аралдарында июлдан октябрга чейин ураган болуп турат. Сен-Мартен аралында туздуу к?л бар. Дайыма жашыл токой жана бадалдар ?с?т. Кюрасао, Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба аралында де?из астында парктар уюшулган.
Экономика
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Экономикасынын негизин чет элдик туризм т?з?т (жылына 700 ми? турист келет; киреше 850 млн доллар). Ички д?? продукциясын киши башына б?л?шт?рг?нд? 11 400 доллардан (2003; АКШ) туура келет. Туризмдин негизги т?рл?р? пляжда эс алуу, дайвинг жана сноркелинг. Башкы туристтик борборлору ― Сен-Мартен (жылына 400 ми? турист келет), Кюрасао (220 ми?) жана Бонайре (50 ми?ден ашык). Офшордук банк бизнеси ?н?г??д? (борбору - Виллемстад). ?н?р жай ?нд?р?ш?н?н башкы тармагы — мунай ажыратуу (Виллемстад). Кеме ремонттоо (Кюрасао аралында), электроника чогултуу ?н?р жайы, текстиль фабрикасы, ром чыгаруучу (Сен-Мартен аралы), ликёр (Кюрасао аралы) заводдору бар. К?рк?м кол ?н?рч?л?к (тор т?й??, Саба аралында; зер буюмдарын жасоо) ?н?кк?н. Кальцийдин фосфатын (Кюрасао аралы), туз (Бонайре жана Сен-Мартен аралында) казылып алынат. 2001-жылы 1061 млн кВтН электр энергиясы ?нд?р?лг?н. Аймагынын 10,5% айыл чарбасында иштетилет. Азык-т?л?кт?н к?п б?л?г? сырттан алынат. Т?шт?к аралдарында алоэ (фармацевтика ?ч?н), ачуу жашыл апельсин (кургатылган кабыгынан ?Кюрасао? ликёру даярдалат), Т?нд?к аралдарында акж?г?р?, арахис, балкамыш, нан дарагы, банан, жашылча ?ст?р?л?т. Балык кармалат. Де?из продуктылары (лангуст) даярдалат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 600 км (анын ичинен 300 кми асфальтталган). Де?из соода флотунун тоннажы 1000 рег. бр.-о. Башкы де?из порттору: Виллемстад, Кралендейк, Филипсбург. Беш аэропорт (анын ичинде Виллемстадда эл аралык) бар. Сыртка мунай ?н?мд?р?н чыгарып, ошондой эле мунай, туз, фосфат, алоэ, ликёр, лангуст реэкспорттойт. Сырттан чийки мунай, (Венесуэладан), керектел??ч? товарларды жана башка алат. Эркин соода зонасы. Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Гватемала.
Булактар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1